Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Айтматовду Тажикстанда эскерип жатышат


Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык маарекеси Тажикстанда белгилене баштады. Өткөн жуманын соңунда Вохидов атындагы жаштар театры Душанбе шаарында “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде спектакль тартуулады.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Тажикстандагы кыргыз элчилигинин демилгеси менен өлкөнүн түрдүү аймактарында аталган спектакль көрсөтүлмөкчү.

Тажикстандын Вохидов атындагы жаштар театрынын артисттери ушул спектакль менен 2008-жылы Бишкекте өткөн "Арт-Ордо" фестивалына катышып, “Мыкты режиссура”, “Мыкты музыкалык жасалга” номинацияларында жеңүүчү болгон.
2009-жылы ушул эле спектакль үчүн Ирандын Маданият министрлиги театрга атайын диплом берген.

Айтматовду эскерүү иш-чаралары октябрда Орусияда да өткөн.(SE)

XS
SM
MD
LG