Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Келдибеков маалымат каражаттарына нааразы болду


Камакта отурган депутат Акматбек Келдибеков айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына нааразы экенин акыйкатчы Бакыт Аманбаевге билдирди. Депутат өзүнө байланыштуу маалыматтар телеканалдарда текшерилбей эле, бир жактуу чагылдырылып жатканын туура эмес деп баалады. Буга чейин телеканалдарда прокуратуранын маалыматы менен Келдибековдун мүлктөрүнүн тизмеси жарыяланган болчу.

Омбудсмендин басма сөз кызматы маалымдагандай, бүгүн акыйкатчы Бакыт Аманбаев Келдибековдун абалы менен таанышканы УКМКнын тергөө абагына барган. Жолугушуу учурунда Келдибеков камактагы шарттарга нааразы эместигин, адвокаттары баш коргоо чарасын өзгөртүү суранычы менен Бишкек шаар сотуна кайрылганын билдирген.

Депутат коррупциялык иштерге шектелип УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Чечимди 22-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган.
Буга нааразы болгон Келдибековдун тарапкерлери эки күндөн бери Ош - Эркеч-Там жолун Сопу-Коргон айылына жакын жерден бууп турушат. (SE)

XS
SM
MD
LG