Сокулук районундагы Ново-Павловка айылында үч бала иске ууланып каза тапты. Окуя 24-ноябрда болгонун Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн билдирди.
Маалыматка ылайык, истен жан таслим болгондор бир үйдө болгон. Алар 3 жаштагы Жазира Абдымаматова жана 6 жаштагы эгиздер Кадыр уулу Аккан менен Кадыр кызы Айкан.
Жазира үй ээсинин кызы, эгиздер анын туугандары. Үй ээлери бөлмөнү жылытып, сыртынан бекитип кетишкен. Алар үйгө кайткан учурда терезеден түтүн чыгып жатканын көрүшкөн. Балдар ооруканага жетпей каза тапкан.
Милициянын маалыматына ылайык, өрт колдо жасалган электр жылыткычтын тогунан чыгып, жууркан күйгөн. Анын түтүнү балдарды ууландырган. (SE)