Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

АКШ Карзайды келишимге кол коюуга чакырды


Ооган президенти Хамид Карзай АКШ менен түзүлгөн коопсуздук келишимине тезирээк кол койбосо, Кошмо Штаттар бул өлкөдөгү бардык аскерлерин чыгарып кетет. Мындай эскертүүнү Кабулда ооган президенти менен жолугушууда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райс жасады.

Буга чейин президент Карзай коопсуздук келишимине кол коюудан баш тарткан. Карзай келишимге качан кол коёрун айта элек, бирок Ооганстандагы келерки жаздагы президенттик шайлоого чейин шашылбай тураарын каңкуулаган. Сөз болуп жаткан келишим НАТО баштаган аскерлер келерки жылдын этегинде Ооганстандан чыгарылгандан кийин америкалык аскерлердин өлкөдө калышына жол ачат жана ооган жергесинде калган аскерлердин макамын аныктайт. Келишим жекшембиде оогандардын Лоя Жырга деп аталган элдик жыйында жактырылган болчу.

XS
SM
MD
LG