Бүгүн өкмөттө дайынсыз жоголгон балдарды издөө боюнча аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгы талкууланат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Жыйын вице-премьер-министр Токон Мамытовдун катышуусу менен өтүп, күч органдарынын өкүлдөрү дайынсыз жоголгон балдарды издөө боюнча маалымат бермекчи.
Ички иштер министрлиги билдиришинче, жыл өткөн сайын Кыргызстанда дайынсыз жоголгон балдардын саны көбөйүүдө. Быйылкы жылдын 9 айында милицияга 703 баланын дайынсыз жоголгону тууралуу арыз түшүп, алардын 664ү табылган.(BkA)