Жалал-Абад облусунда аялдарга зордук кылууну токтотуу боюнча өнөктүк бир күнгө кеч башталды. Электр энергиясынын үзгүлтүккө учураганына байланыштуу 25-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы №21 орто мектепте пландалган окуучулар арасындагы акыл-таймаш болбой калды.
Облустагы лидер аялдар бирикмесинин башчысы Мимоза Абдыкадырова "Азаттыкка" билдиргендей, өнөктүккө арналган иш-чаралар бүгүнтөн тарта облустун район-шаарларында уланат.
Абдыкадырованын айтымында, аялдар Жалал-Абаддагы Ленин көчөсүндө “Зомбулукту токтотолу!”,- деген чакырык менен жөө жүрүшкө чыгат. Жүрүш 16 күндүк өнөктүк алкагында шаардагы эң ири саналган Ленин көчөсүндө өтөт, азырынча кайсыл күнү болору аныктала элек.
Аймактагы өнөктүккө арналган иш-чараларга БУУнун өнүктүрүү программасы 20 миң сом акча бөлгөн.
Кыргызстанда жыл сайын зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк 25-ноябрда башталат. Бул күн - аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгилүү. (YA)