Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Коррупция зыяны жылына 40 млрд. долларды түзөт


Дүйнөлүк Банктын билдиришинче, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр коррупция айынан жылына 20 миллиарддан 40 миллиард долларга чейин чыгаша тартат.

Бул тууралуу Панамада өтүп жаткан Бириккен улуттар уюмунун коррупцияга каршы бешинчи сессиясында айтылды. Жыйын катышуучулары коррупция дүйнөдөгү өнүгүүнү жайлатып, ар түрдүү кылмыштарга жол ачып жатканын белгилешүүдө.

БУУнун Маңзат жана кылмышкердик башкармалыгынын жетекчиси Юрий Федотовдун айтымында, коррупция социалдык жана экономикалык өнүгүүгө бут тосуп, жөнөкөй адамдардын жакшы шартта жашоосуна кедерги болуп жатат.

Панамада БУУга мүчө өлкөлөрдүн коррупцияга каршы бешинчи сессия 25-ноябрда өз ишин баштады. Коррупцияга каршы БУУнун конвенциясы 2003-жылы кабыл алынып, 168 өлкө тарабынан ратификацияланган. (BCh)

XS
SM
MD
LG