Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Он айда 67 бала сууга агып, мерт кетти


Кыргызстанда он ай ичинде 67 бала сууга агып, каза болду. Алардын алтоо табыла элек. Бул тууралуу бүгүн өкмөттө балдардын коопсуздугуна арналган жыйында вице-премьер министр Токон Мамытов билдирди.

Мамытов бул маселеге укук коргоо органдары менен жарандык коом өкүлдөрү олуттуу көңүл бурушу керектигин, коомчулук арасында балдарга кайдыгер болбоого чакырган иш-чараларды көбөйтүү зарылдыгын айтты.

Балдардын сууга чөгүп кетишине автокырсыктар да себеп болгон учурлар бар. Быйыл 21-августта Ош-Бишкек жолундагы авариядан улам Кара-Суу дарыясына эки жаш кыз агып кеткен. Алардын биринин денеси 24-ноябрда табылды, бири изделүүдө.

Мамытов билдиргендей, 1999-жылдан бери ар кандай шартта жоголгон 37 баланын дайыны ушул күнгө чейин чыкпай келет.(ZB\SE)

XS
SM
MD
LG