Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:12

Ош: милиция кызматкерине кылмыш иши козголду


Ош облустук Ички иштер башкармалыгында иштеген милиция өкүлүнө кылмыш иши козголду. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, кыйноо жасаган, пара алган жана кишини өз жанын кыюуга чейин жеткирген деген айып тагылууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-ноябрда Башкы прокуратурага Көк-Жаңак шаарынан бир тууган Тешебаевдер арыз менен кайрылып, Ош облустук милициясынын кызматкерине чара көрүүнү суранган. Арызда жазылгандай, милиция кызматкери Тешебаевдердин бир тууганын кылмышка шектүү катары Ошто кармаган. Камаган учурда уруп-согуп, 5000 АКШ доллары өлчөмүндө пара алган. Кармалган жаран кыйноого чыдабай өзүн асып, жанын кыйганга аракет кылган.

Кармалган милициянын иши иликтенүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG