Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Келдибековдун тарапкерлери президентке кайрылат


Депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери анын бошотулушун талап кылган кайрылууну президент Алмазбек Атамбаевге жөнөтүшөт. Бул тууралуу бүгүн Ошто өткөн басма сөз жыйынында “Ата-Журт” партиясынын аймактагы координатору Дарыя Шабданова билдирди. Ал Келдибековду коргоп чыккан кишилерге Ош шаарында митинг өткөрүүгө милиция кызматкерлери тоскоолдук кылып жатканын да кошумчалады.

Бирок бул маалыматты облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев четке какты.

- Милиция Келдибековдун тарапкерлеринин арасында мыйзамдуулукту сактоо багытында гана түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Аны тоскоолдук деп кабыл алуу туура эмес,- деди Ашырбаев "Азаттыкка".

Коррупциялык иштерге тиешеси бар деп айыпталып, эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган Акматбек Келдибековдун жактоочулары Алайда Ош-Эркеч-Там жолун 24-ноябрда бууп, 25-ноябрь күнү кечинде ачышкан. (ErN\SE)

XS
SM
MD
LG