Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Кытай Айга биринчи робот-көлүк кондурганы жатат


Кытай декабрдын башында Айга биринчи робот-көлүк кондурат. Бул жөнүндө Кытайдын улуттук коргонуу жаатындагы илим, технология жана өнөр жай боюнча мамлекеттик агенттиги бүгүн жар салды.

Мекеменин өкүлүнүн билдиришинче, айдын бетин изилдөөчү көлүк араба “Нефрит коен”, кытайча “Йоту” деп аталат. Кытайлыктардын байыркы мифтеринде “Чаң-ы” деген ак коён Айдын бетинде жашайт жана Айдын Кудайы эсептелет.

Кытай Айга 2007-жылы учурган биринчи спутник Айдын бетин сүрөткө тартып келген. Өлкөнүн коммунисттик жетекчилиги Кытайды Орусия жана АКШ менен теңтайлашкан космостук державага айлантууну көздөйт.

XS
SM
MD
LG