Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:21

Сирия согушу аялдарды алсыратты


Евро жана Жер Ортолук деңизи Адам укугу уюмунун (EMHRN) соңку отчетунда 2011-жылы мартта башталган Сирия атуулдук согушунан 6 миңден ашуун аял зордуктоонун курмандыгы болгону айтылды.

Маалыматта жазылгандай, аялдар менен балдар социалдык жактан кысымга учурап эле чектелбей, кээде согушчандар тарабынан тирүү калкан катары колдонулууда.

Отчетто ошондой эле аялдарды уурдашып, айрым согуштук топтор ич ара туткундарга алмашкан учурлар көбөйгөнү да айтылат. Зордуктоого кабылган аялдар коомчулук тарабынан өгөйлөнүп, жалгыз калганы тууралуу маалыматтар келтирилген.

Сирия согушунда болжол менен 100 миңдей адам каза болду. БУУнун маалымдашынча, учурда 2 миллиондой сириялык мекенинен качкан. (BCh)

XS
SM
MD
LG