Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:10

Киевдеги демонстрацияга студенттер да кошулду


Киевдин борбордук аянтында Евробиримдик менен интеграцияны жактаган миңдеген студенттер чогулууда.

Борбор шаардагы эки чоң университеттин студенттери алдында оппозиция лидерлери, анын ичинде УДАР партиясынын ана башы Виталий Кличко сөз сүйлөп, өкмөттүн Биримдик менен Ассоциациялык мүчөлүк туралуу келишимге кошулуудан баш тартуусуна карата өз позициясын билдирмекчи.

Демонстранттар жекшембиден бери Украин өкмөтүн жума күнү Вильнюста башталчу Евробиримдиктин саммитинде аталган келишимге кол коюуга үндөшүүдө. Аларга тилектештик ирети абакта отурган экс-премьер-министр Юлия Тимошенко кечээ күнү ачкачылык жарыялаган.

Кечээки демонстрация кезде да полиция менен кагылышуу болгон.

XS
SM
MD
LG