Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Иракта дагы 11 “террорчу” өлүм жазасына тартылды


Ирактагы “террордук чабуулдарга” тиешеси бар деп, 11 адам атылганы расмий маалымдалды. Өлкөнүн Юстиция министрлигинин билдиришинче, катаал өкүм 24-ноябрда ишке ашырылган.

Быйыл Иракта 162 адам жогорку жазага тартылса, 2012-жылы бардыгы 129 адам өлүм жазасына тартылган.

Эл аралык уюмдар жана адам укугун коргоочулар Ирак өкмөтүн өлүм жазасына мораторий жарыялоого үндөштү. БУУнун Адам укугу боюнча башкы комиссары Нави Пиллэйдин билдиришинче, Ирактын юридикалык системасы “адекваттуу” иштебейт. Бирок Ирактын юстиция министри Хасан аш-Шаммари өкүм тийштүү мыйзамый жараяндар толук аткарылган соң гана аткарылат деди.

Ноябрь айында эле ирактык шииттер менен суннилердин жаатташтык чатагынан 500дөн ашуун адам апаат болду. Алардын көбү бомба жардырууларынан жана машинеге коюлган миналардан өлүштү.

XS
SM
MD
LG