Бүгүн Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аудио антологиясынын бет ачаары болот. Бул жыйнакты жазуучунун 85 жылдыгына карата Коомдук телерадио корпорациясы даярдаган. Анда жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган кинотасмалардын жыйнагы жана чыгармаларынын аудио версиясы камтылган. Бет ачаар аземге акын-жазуучулар, окумуштуулар жана Айтматовдун окурмандары катышмакчы.
Быйыл Чыңгыз Айтматов 85 жашка чыкмак. Жазуучу 2008-жылы 10-июнда каза болгон.(BkA)
Быйыл Чыңгыз Айтматов 85 жашка чыкмак. Жазуучу 2008-жылы 10-июнда каза болгон.(BkA)