Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Алматыда “Алатау” базарында өрт чыкты


“Азаттыктын” казак кызматы кабарлагандай, кечээ тутанган өрттөн базардагы бир нече контейнер өрттөнүп кетти. Учурда өрт өчүрүлдү, адистер тилсиз жоонун эмнеден тутанганын жана чыгымдарды эсептеп жатышат.

Эл арасында “Барахолка” деп аталган бул базар бир нече майда базарлардан турат. Базарда быйыл күздө эле үчүнчү ирет өрт чыгып отурат. Алгач сентябрь айында “Алатауга” ирегелеш жайкашкан “Олжо” жана “Аян”, андан соң 17-ноябрда “Кулагер” жана “Арал” базарларында өрт чыккан. Бул базарларда көптөгөн кыргызстандыктар соода менен шугулданат. Азырынча, “Алатаудагы” өрттөн кыргызстандыктардын зыян тарткан же тартпаганы белгисиз. Ал эми ага чейинки өрттүн кесепетинен “Замандаш” ассоциациясынын Алматыдагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 300гө жакын кыргызстандык жапа чеккен.

Казак бийликтери бир жыл мурун бул базарлардын жабылышы мүмкүн экенин билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG