Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Янукович: Евробиримдик менен келишим пайдасыз


Украинанын президенти Виктор Янукович Евробиримдик сунуштаган финансылык талаптарды басынтуучу деп атап, бул уюм менен келишим түзүү үчүн ыңгайлуу учурду күтө турганын билдирди.

Өлкөдөгү телеканалдардын бириндеги маегинде Янукович: Евробиримдик ассоциативдик келишимди түзүү үчүн Киевге 610 миллион евро жардам убада кылганын шардана кылды. Януковичтин айтымында, бул жардам Украина Эл аралык валюта фонду менен пайдасыз келишимге кол койгон соң берилмек. Януковичтин бул маегине чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Киевдин Евробиримдик менен жакындашынын орус экономикасына таасири тууралуу билдирүү жасаган. Анда Путин Брюселлди Орусиянын дарегине кескин билдирүүлөрдү таратууда этият болууга үндөдү.

Буга чейин Евробиримдик Орусияны Киевди келишимге кол коюудан баш тартыруу үчүн басым жасады деп сындаган болчу.

Ал ортодо Киевдин борбордук аянтында Евробиримдик менен интеграцияны жактаган миңдеген адамдардын демонстрациялары уланууда.

XS
SM
MD
LG