Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Дүйнөдө 2 миллиондон ашык өспүрүм ВИЧ менен ооруйт


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун акыркы маалыматы боюнча, жер жүзүндө 2 миллиондон ашуун өспүрүм ВИЧ илдети менен ооруйт. Балдар арасында СПИД жана ВИЧтин алдын алуу иштери жакшы жүрбөй жаткандыктан бул илдеттерден өлгөндөр акыркы учурда 50 пайызга жогорулады.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ВИЧ-СПИД боюнча департаментинин директору Готфрид Хирншолл өспүрүмдөр ооруну жуктуруп алганда коомдун кысымына жана психологиялык соккуга кабылып, өздөрүн алсыз сезишээрин билдирди.

Ал эми Кыргызстандагы СПИД борборунун маалыматы боюнча, өлкөдө бул илдет менен ооругандардын саны 1-ноябрга карата 5060ка жетти. Алардын ичинен 809 киши каза болгон. Ооругандардын 485и 14 жашка чейинкилер.

Илдет жуктуруп алгандардын 30 пайызын Чүй облусунун, 20 пайызын Ош облусунун тургундары түзөт. Жалпы оорулуулардын 70 пайызга жакынын 20дан 39 жашка чейинкилер түзөт.

1-декабрь 1988-жылдан бери СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгиленип келет. (BCh\SE)

XS
SM
MD
LG