Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Дзюдочу Жаркынбек Шамбетов дүйнө чемпиону болду


Кыргызстандык спортчу Жаркынбек Шамбетов дзюдо боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дзюдо федерациясынын президенти Ырысбек Мааткабылов билдирди.

Мелдеш 26-ноябрда Бириккен Араб Эмиратынын Абу-Даби шаарында аяктады.

"Кыргызстандын атынан 49 жашка чейинкилерден 60 кило салмакта Жаркынбек Шамбетов катышты. Ал бразиялык Перейра Бернадезди, орусиялык Игоря Вараввыны, италиялык Энрико Бенедеттини жеңип, финалда да италиялык Сальваторро Палилло менен беттешип, утуп алды", - дейт Мааткабылов.

2012-жылы дзюдо боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиондугун Таалай Массабиров жеңип алган. (КМа)

XS
SM
MD
LG