Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:42

“Кыргызгазды” сатууну көпчүлүк депутаттар колдоп жатат


Жогорку Кеңеш ушул тапта "Кыргызгаз" мамлекеттик ишканасын “Газпромго” сатуу боюнча келишимди ратификациялоону талкуулап жатат. Азырынча депутаттар бир чечимге келе элек. Көпчүлүгү аны сатууну колдоп жатышат.

Равшан Жээнбеков бул келишимге толугу менен каршы экенин, Исмаил Исаков, Өмүрбек Абдырахманов, Бөдөш Мамырова документте Кыргызстандын кызыкчылыгы толук каралбай калганын айтышты.

“Кыргызгазды” карызы менен шарттуу түрдө 1 долларга Орусиянын “Газпром” ишканасына сатуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге быйыл июлда Москвада кол коюлган. Ага ылайык, “Кыргызгаздын” бардык активдери жаңыдан түзүлгөн “Кыргызгазпром” ишканасына өткөрүлүп берилет. “Газпромго” таандык болуучу жаңы ишкана Кыргызстанда катталып, жергиликтүү мыйзамдар менен иштейт.

"Кыргызгаздын" жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин айтымында, эгер ишкана сатылса, "Газпром" Кыргызстанга 5 жыл ичинде 640 миллион доллар инвестиция салат.

“Кыргызгаз” өлкөнү газ менен камсыз кылчу жападан-жалгыз ишкана. Анын 90 пайыздан ашуун үлүшү мамлекетке таандык, калган бөлүгү жеке жактарга тиешелүү. Кыргызстан аймагында 3574 чакырым газ түтүгү бар. Өлкө аймагында жылына 1 млрд. куб метр газ пайдаланылат. (SE\AiT)

XS
SM
MD
LG