Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

“Фридом хаус” тыңчылык боюнча мыйзамды кабыл албоого чакырды


“Фридом хаус” уюму Кылмыш-жаза кодексиндеги “мамлекеттик чыккынчылык” жана “тыңчылык” беренелерин өзгөртүп-толуктоо тууралуу депутаттардын демилгесине тынчсыздануусун билдирди.

Уюм тараткан билдирүүдө жазылгандай, эгер бул мыйзам кабыл алынса, маалымат таратуу жаатында иштеген кишилердин ишмердүүлүгү чектелиши мүмкүн. Уюм депутаттарды бул мыйзам долбоорун колдобоого чакырат.

Чет жерден каржыланып, саясий ишмердүүлүк менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдарды чет элдик тыңчы деп табуу боюнча мыйзам долбоору сентябрда депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Эристина Кочкорова тарабынан сунушталган. (SE)

XS
SM
MD
LG