Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Желек кайтарган аскер эсин жоготту


Фейсбуктун колдонуучусу Janik Esen тарткан сүрөт
Фейсбуктун колдонуучусу Janik Esen тарткан сүрөт
Бишкектеги Ала-Тоо аянтына орнотулган мамлекеттик желекти кайтарган аскерлердин бири эсин жоготту. Окуя 27-ноябрда саат 13.30дарда болгонун күбөлөр социалдык тармактарда жазып чыгышты. Жыгылган аскерге ошол жердеги кесиптештери жана карап турган кишилер жардамдашкан.

Улуттук гвардиядан “Азаттыкка” билдиришкендей, кулап түшкөн аскердин абалы дурус. Буга чейин ден соолугуна даттанган эмес.

Ала-Тоо аянтындагы желекти Улуттук гвардиянын аскерлери саат сайын кезектешип кайтарышат. (SE)

XS
SM
MD
LG