Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

Таиландда өкмөткө каршы акциялар күчөп жатат


Таиланддын борбор калаасы Бангкокто миңдеген демонстранттар шаршемби күнү төрт министрликтин маңдайында чогулушту. Алар премьер-министр Йинглак Чинаваттын кетишин жана анын агасы, мурдагы премьер-министр Таксин Чинаваттын таасиринин жоюлушун талап кылышууда. Аларды коррупция жана монархияга каршы келген аракеттер үчүн күнөөлөп жатышат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ушундай эле талаптар менен акциялар 19 провинцияда аймактык администрациялардын маңдайында өтүп жатат. Айрым мамлекеттик кызматкерлер да манифестанттарга кошулганын кээ бир күбөлөр айтышууда. Ал эми Бангкокто атайын Иликтөөлөр департаментинин бардык кызматкерлери эвакуацияланды, бул имаратты эки миңдей демонстрант курчап алган эле.

Өкмөткө каршы акцияларды бир нече жумадан бери мурдагы вице-премьер Сутхеп Тхаксубан башкарууда.

Чинаваттардын үй-бүлөсүнүн тарапкелери да аз эмес, алардын көбү жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлешет. (AiK)

XS
SM
MD
LG