Египетте прокурор массалык башаламандыктарды ырбаткан деген айып менен эки адамды камоо боюнча ордер берди.
“6-апрель” жаштар кыймылынын лидери Ахмед Махер жана башка активист Ала Абдел Фаттах 26-ноябрда кармалышкан. Алар менен чогуу Каирде парламенттин жанына массалык акцияларга чек койгон жаңы мыйзамга каршы чыккан 24 адам да камалды. Алар тоноо, мамлекеттик кызматкерлерге кол салуу, радио буюмдарды уурдоо жана мыйзамсыз акцияларды уюштуруу боюнча күнөөлөнүп жатышат.
Массалык каршылык акциялар боюнча жаңы мыйзам Египетте 24-ноябрда кабыл алынган. Айрым египеттиктер буга каршы чыгып, укук коргоочулар аны саясий эркиндиктерге каршы сокку деп баалап жатышат.
Аскерий күчтөргө таянган өлкөнүн жаңы бийликтери алар тынч акцияларга каршы эмес экенин, бирок өлкөдөгү башаламандыктарга бөгөт койгулары келгенин айтышууда.
Исламчыл президент Мухаммед Мурси 3-июлда бийликтен кулатылган. (AiK)