Агенттиктердин маалыматы боюнча, премьер Валдис Домбровскис кызматтан кетүү чечимин президент Андрис Берзиныш менен сүйлөшкөн соң жарыялап, кызматтан кетиши жакында Ригада болгон трагедияга байланыштуу экенин белгиледи. Домбровскис – Латвиянын тарыхында өкмөттү үч жолу жетектеген жалгыз премьер.
21-ноябрдын кечинде Латвиянын ордо калаасында ири соода түйүнү урап, анда 54 адам каза тапкан, алардын арасында куткаруучулар да болгон. 40 адам жабыркаган. Кырсыктын негизги себеби катары курулуш иштериндеги мүчүлүштүктөр аталууда. (AiK)