Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Бүгүн Камчы Көлбаевдин соту уланат


Камчы Көлбаев
Камчы Көлбаев
Буга чейин Биринчи май райондук соту кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Камчы Көлбаевди "бирөөнү коркутуп, мүлкүн тартып алган" деген берене менен 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. 22-октябрда Көлбаевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Биринчи май райондук сотунун Көлбаевди кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон сыяктуу Кылмыш-жаза кодексинин бир нече оор беренелери боюнча акташын айрым эл өкүлдөрү катуу сынга алган эле.

Камчы Көлбаев туура бир жыл мурун Араб Эмираттарынан Бишкекке алынып келген. Ал криминалдык лидер катары коомчулукка кеңири белгилүү, ал тургай дүйнөдөгү кооптуу баңги барондорунун тизмесине кирген.

Көлбаевдин соту бүгүн Бишкек шаардык сотунда уланат.

XS
SM
MD
LG