Жалал-Абад облусунда беш ай бою адам сатууга каршы акциялар өтөт. Аны “Аймира” коомдук фонду АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин каржылык көмөгү менен ишке ашырат. Долбоор “Өз укугуңду бил!” деп аталат. Ал ноябрдан тарта иштей баштаганын долбоордун координатору Нургүл Жолоева билдирди.
Беш ай аралыгында мектеп окуучуларынын, студенттердин,чет өлкөлөргө барып иштөөнү каалагандардын арасында адам сатуунун алдын алууга багытталган укуктук-маалыматтык өнөктүк жүрөт. Коомдук жайларда жаштар флеш-моб акцияларын уюштурат.
Долбоор Жалал-Абад шаарында, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда иштейт. Адам сатууга дуушар болуп, кайра келгендер кыска мөөнөттүү окуулардан өтөт.
Жолоева билдиргендей, 2012-жылы эл аралык миграция уюмунун 189 ишеним телефонуна 15 киши адам сатууга кабылганын айтып чалган. (YA)