Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Жалал-Абад: мыйзамсыз 16 курал табылды


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы 20-ноябрдан бери жүргүзүп жаткан “Арсенал” операциясынын алкагында, жарандардан 21 курал алынды. Анын он алтысы мыйзамсыз сакталып жүргөн. Бул тууралуу облус милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Табылган курал-жарактардын арасында эки газ тапанчасы да бар. Алынган куралдар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

“Арсенал” операциясы  30-ноябрга чейин уланат.(YA)

 

XS
SM
MD
LG