“Кумтөр” компаниясына таандык автобусту бүгүн Балыкчы - Каракол жолунда Саруу айылынын тургундары камактагы айылдаштарын бошотуу талабы менен бир сааттай кармап турушту. Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоров “Азаттыкка” билдиргендей, айыл тургундары жумушчуларды ташыган унааны Дархан жана Саруу айылдарынын ортосундагы Кашат көпүрөсүндө тоскон. Аким келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн соң унааны коё беришкен.
Саруулуктар октябрь айында Кумтөр келишимине каршы Караколдогу митинг үчүн камалган айылдаштарын бошотуу талабы менен 26-ноябрь күнү Балыкчы-Каракол жолун буушкан болчу.
Бүгүн алар менен Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси да келип жолукту. Айылдыктар талаптарын жазып, район акимине тапшырышты. (MK)