Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:53

Барак Обама падыша Абдулла менен телефондон баарлашты


АКШ президенти Сауд Арабиянын падышасы менен шаршемби күнү болгон телефон сүйлөшүүсүндө Иран жана алты бакубат өлкө кол койгон убактылуу ядролук келишимди талкуулашты. Вашингтондун союздаштары Саудия менен Израил Иран ядролук бомбанын үстүнөн иштөөдө дешип, катуу кыжаалат болушууда.

Ак Үйдүн билдиришинче, Обама падыша Абдуллага 24-ноябрда Женевада жетишилген келишимди аткаруу Иран үчүн маанилүү экенин айткан. Обама жана падыша сүйлөшүү улантылгандан кийин үзбөй сүйлөшүп туралы деп макулдашкан. Алты айлык Убактылуу келишимге жараша, Иран өз ядролук программасынын кээ бир багыттарын токтотууга тийиш. Келишимге АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия, Кытай жана Иран кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG