Түндүк менен түштүктү байланыштыруучу альтернативдик жолду куруу жөнүндө макулдашууну депутаттар колдоду. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында ага депутаттардын басымдуу бөлүгү макулдугун берди.
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун курууну Кытайдын “Экспорт-Импорт” банкы каржылайт. Аталган банк бул үчүн 400 миллион доллар насыя берүү тууралуу кыргыз өкмөтү менен келишимге кол койгон.
Балыкчы жана Жалал-Абад шаарларын бириктирген жол Кочкор - Чаек – Көкөмерен - Казарман аркылуу өтөт.
Азыр Балыкчы менен Жалал-Абаддын ортосу 748 чакырымды түзөт. Альтернативдик жол курулса, узундук 300 чакырымга азаят. (SE)