Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

Орусияга отуз миңден ашуун кыргызстандык барбайт


Кыргызстандык 31 694 жаранга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынды.
Бул тууралуу кыргыз элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып билдирди. Алар ар кандай мыйзам бузуулар аркылуу "кара тизмеге" илинген.

19-ноябрдан тарта кара тизме боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү аралык түзүлгөн комиссиялык топ ишин баштаган. Аталган топ жарандар кара тизмеге эмне себептен кирип калганын иликтейт.

Эки айдан бери Орусияда мигранттарга карата чаралар күчөтүлгөн. Ондогон кыргызстандыктар, ал жакка кире албай, аэропорт же темир жол бекетинен артка кайтып жаткан учурлар болууда.

"Кара тизмеге" түшкөн кыргызстандыктар тууралуу маалымат азырынча бир гана “Манас” аэропортунда бар. (SE)

XS
SM
MD
LG