Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Обама Ыраазылык күнүнө союлчу күрпкө мунапыс берди


Майрам урматына даярдалчу сый тамакка америкалык бүлөлөр салт боюнча күрп союшат. Президент Обама Ак Үйдөгү кааданы сактап, күрпкө мунапыс берди.

“Мен Обаманын үй-бүлөсү атынан ар бириңиздерге өтө бактылуу Ыраазылык күнүн каалайм. Эртең досторубуз жана үй-бүлөбүз менен чогулганда, биз Жаратканга мурдагыдан көп алкоо айта алганыбыз жана мурда ойлобогондон көп үмүттө экенибиз үчүн өзүбүздү бактылуу деп эсептейбиз. Азыр күрп кетип калгандан мурда, мен өз бийлигимден пайдаланып, күрптүн өкүмүн толук жокко чыгарам”, - деп жарыялады Барак Обама шаршемби күнү кечинде Ак Үйдө.

Ыраазылык күнүнүн тарыхы 16-кылымдын экинчи жарымынан башат алат. Түндүк Американын батыш жээгине аман-эсен жеткени үчүн эмигранттар Кудайга ыраазылык билдирип, күрп союшкан.

XS
SM
MD
LG