Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Линкявичюс: Украина ЕБ менен саясий келишимге кол койору күмөн


Грузия жана Молдова Европа биримдиги менен Ассоциациялык мүчөлүк жөнүндөгү келишимди беките баштады. Эртең Вильнюста улантылчу Чыгыш өнөктөштүгү саммитиндеги салтанатта эки өлкө миң баракка жакын келишимдин бир гана барагына кол коюшат. Ага чейин калган барактарга кол коюлуп чыгууга тийиш. Ассоциациялык келишимге кол коюлгандан кийин Грузия жана Молдова мыйзамый, юридикалык жана экономикалык түзүмдөрүн Биримдиктин нормаларына ылайыкташы шарт.

Европа биримдигинин учурдагы төрагасы - Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичюс Вильнюста журналисттер менен болгон кездешүүдө Ассоциациялык мүчөлүк жөнүндөгү келишимге Украинанын кол коюшу күмөндүү экенин билдирди:

“Мүмкүнчүлүк улам азайууда. Бул чынында эле түшүнүксүз. Бирок мен 100 процент бул болот деп айта албайм. Себеби, ачыгын айтсам, Киевден аябай карама каршылыктуу жышааналар келүүдө”.

Шаршемби күнү Янукович Биримдик менен Ассоциациялык мүчөлүк жөнүндө келишимге кол койгонго Украина даяр эмес, Брюссел татыктуу жардам сунуш кылбады деп билдирди. Ошол эле маалда Орусия менен мамиле жакшыртылат деп сөз берди ал. Украина Евробиримдик каалагандай, экс-премьер-министр Юлия Тимошенкону абактан чыгарбай да койду.

XS
SM
MD
LG