28-ноябрь кечинде Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев менен Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзоев жолугуп, эки тараптуу кызматташуу жолдорун талкуулашты.
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда өзбек премьери татаал маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгилесе, Сатыбалдиев эки өлкө бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен гана чечиши керектигин, чек аралаш аймактардын жетекчилери такай байланышта болушу зарылдыгын белгиледи. Белгилүү болгондой, Ташкенде бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешмеси өтөт. Анда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык жана гуманитардык карым-катыштары талкууланат.
Сатыбалдиев Ташкентте Кытайдын премьер-министри Ли Кецян жана Тажикстандын жаңы өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен жолугушаары күтүлүүдө.