Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Ош: Келдибековдун жактоочулары нааразы болууда


Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун камактан бошотулушун талап кылган 20дай адам Ош шаарындагы борбордук аянтта нааразылык акциясын өткөрүүдө. Кабарчыбыздын айтымында, алар Келдибеков саясий куугунтук менен камалды деген негизди карманып атышат.

Келдибековдун бир топ тарапкерлери 27-28-ноябрь күндөрү өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев менен да жолугушуп, талаптарын айткан. Андан соң басма сөз жыйын өткөрүшүп, депутат бошотулбаса, жер-жерлерде мөөнөтсүз нааразылык акцияларын баштаарын билдиришкен.

Коррупциялык иштерге тиешеси бар деген кине менен 20-ноябрда кармалган Акматбек Келдибеков эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. (SE\ErN)

XS
SM
MD
LG