Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:43

"Кумтөрдүн" унаасын барымтага алгандарга кылмыш иши козголду


"Кумтөр" компаниясынын жүк ташуучу унааларын 28-ноябрда барымтага алгандарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бейшембиде Ысык-Көлдөгү Саруу айылынын бир топ тургундары "Кумтөр" компаниясына таандык КАМАЗ жана “Темза-Сафари” үлгүсүндөгү унааларды токтотуп, бир сааттай кармап турушкан. Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоров келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн соң коё беришкен.

Саруулуктар октябрь айында Кумтөр келишимине каршы Караколдогу митинг үчүн камалган айылдаштарын бошотуу талабы менен 26-ноябрь күнү Балыкчы-Каракол жолун буушкан.

Эки айдай убакыттан бери нааразылык акциясын улантып келаткан саруулуктар менен бүгүн парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары жолукту. (SE)

XS
SM
MD
LG