Ысык-Көл облусунда соңку эки айда болуп жаткан нааразылыктар боюнча “Ата-Мекен” партиясынын өкүлдөрү элдин пикирин угуп жүрөт. Депутаттардын жолугушуусу ушул тапта Каракол шаардык театрынын имаратында өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Бактыбек Калмаматов билдирди.
Түшкө чейин Өмүрбек Текебаев баш болгон депутаттар Саруу айылынын тургундары менен жолугуп, алардын талаптарын бийликке жеткирүүгө убада берген.
Октябрь айында Каракол шаарында Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумга каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктап, 23 адам кармалган, учурда жетөө УКМКнын тергөө абагында. Ошондон бери Саруу айылынын тургундары камалган жердештерин бошотуу талабы менен нааразылык акцияларын уюштуруп келет. (MK\SE)