Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Бангкокто демонстранттар министрликтин аймагына киришти


Таиланддын борбор калаасы Бангкокто миңден кем эмес демонстранттар куралдуу күчтөрдүн башкы кеңсесинин территориясына кирип барышты. Министрликтин өкүлү маалымдагандай, акциянын катышуучулары имараттын ичине кире алышкан жок. Бүгүн манифестанттардын тобу башкаруучу партиянын башкы кеңсесинин алдында чогулушту. Кечээ парламент өлкөнүн премьер-министри Йинглак Чинаватка ишеним көргөзбөө маселесин колдогон жок.

Жекшембиден тарта Таиландда өкмөттүн кетишин талап кылган нааразылык акциялары уланууда. Анын катышуучулары Йинглак Чинаватты ал башкарган өкмөт агасы экс-премьер Таксин Чинаваттын таасири менен иштейт деп күнөөлөшүүдө. Нааразылык акцияларынын катшуучулары өкмөт имараттарынын жана министрликтердин алдында нааразалык акцияларын өткөрүшүүдө.

Айрым министрликтердин кызматкерлери эвакуацияланган. (AiK)

XS
SM
MD
LG