Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Пакистанда пилотсуз учактан бир согушкер мерт кетти


Пакистандын түндүк-батышында учкучсуз ракетанын соккусунан бир согушкер өлтүрүлдү. Пакистандын атайын кызматтарынын өкүлдөрү сокку Ооганстан менен чектеш Түндүк Вазиристан провинциясындагы согушчандардын лагерине жасалганын кабарлашты.

France-Press агенттиги жергиликтүү бийликтерге таянып, эки согушкер өлтүрүлгөнүн кабарлоодо. Алардын тек жайы азырынча тактала элек.

Пакистан бийликтери АКШнын учкучсуз ракеталарды колдонушуна бир нече жолу каршы чыккан. АКШ мындай операциялар экстремисттер менен күрөшүүдө маанилүү экендигин айтып келет. (AiK)

XS
SM
MD
LG