Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

“Кутбилим” гезитине 60 жыл толду


Агартуу тармагына арналган “Кутбилим” гезитинин чыкканына 60 жыл болду. Бул датага байланыштуу бүгүн Бишкекте илимий-конференция өтүп, басылманын агартуу тармагына кошкон салымы талкууланды.

Аталган гезит алгач 1953-жылы “Мугалимдер газетасы” деген ат менен жарык көрүп, билим берүү тармагында иштегендердин республикалык басылмасы катары үзүгүлтүксүз чыгып келген. 1993-жылы Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” деген китебине уйкаштырып, гезиттин аты “Кутбилим” деп өзгөртүлгөн. 1999-жылдан тарта ай сайын “Кутбилим-сабак” деген аталышта усулдук тиркемеси чыгат.

2003-жылы басылманын 50 жылдык мааракесине карата сайты ачылып, бүгүнкү күнгө чейин гезитте жарык көргөн макалалар интернет аркылуу да жайылат.

Учурда башкы редактору, журналист – Кубат Чекиров. (SE)

XS
SM
MD
LG