Украинанын президенти Виктор Янукович Вильнюста өтүп жаткан Чыгыш өнөктөштүгү саммитинин пленардык отурумунда Киев Еврошаркет менен Ассоциациялык келишимге "жакынкы келечекте" кол коюла турганын билдирди.
Киевде Европа менен Украинанын интеграциясын колдогондордун акциясы уланууда. "Евромайдан" деген атка конгон акциялар Украинанын башка шаарларында да өтүп жатат.
Бүгүн акциянын катышуучулары Киевдин Европа аянтынан Польша менен чектешкен жерге чейин "тирүү чынжыр" түзөбүз деп жатышат. Бул нерсени жасоо үчүн 500 миң адам кол кармашып туруш керек.
30-ноябрда жана 1-декабрда Киевде миңдеген адамдардын катышуусундагы акциялар өтөт деп күтүлүүдө. Оппозиция жалпы иш таштоого, өкмөт үйүн курчоого жана Николай Азаров баштаган өкмөттүн кетишин талап кылууга үндөөдө.
Украина менен келишимге кол коюу Вильнюстагы саммиттин башкы темасы болот деп күтүлгөн эле. Германиянын канцлери Ангела Меркел Еврошаркет ар дайым Украина үчүн ачык экенин айтты.
Саммиттин алкагында Еврошаркет менен ассоциация тууралуу алдын ала макулдашуулар Грузия жана Молдова менен жетишилди. Азербайжан менен Европа биримдигинин ортосундагы визалык жеңилдетүүлөргө кол коюлду. (AiK)