Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Вильнюстагы саммит аяктады


Европа биримдигинин Чыгыш өнөктөштүгү боюнча Вильнюста өткөн саммити Украина менен Ассоциациялык келишимге кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу чакырыктары менен жыйынтыкталды.

Украинанын президенти Виктор Янукович Киев Еврошаркет менен Ассоциациялык келишимге "жакынкы келечекте" кол коё турганын билдирди, бирок эки күндүк саммит учурунда кол койгон жок.

Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу Киевдин келечектеги сүйлөшүүлөргө Москванын катышуусу боюнча сунушун четке какты.

Грузия жана Молдова Европа биримдиги менен Ассоциациялык келишимди алдын ала жактырышты. Азербайжан менен ЕБ ортосундагы визалык жеңилдетүүлөр боюнча келишимге кол коюлду. Беларустун Еврошаркет менен визалык женилдетүүлөр тууралуу макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо ниетин ЕБ кубаттады. (AiK)

XS
SM
MD
LG