Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:59

Украина: демонстранттар Польшага чейин "тирүү чынжыр" түзүштү


Украинада "евромайдандын" миңдеген катышуучулары кол кармашып, катарга тизилип, Киевден Польша менен чектеш жерге чейин “тирүү чынжыр” түзүштү. Көптөрдүн колунда Украина менен Евробиримдиктин желектери бар.

“Чынжыр” Киевдеги борбордук аянттан башталып, Львовдун борборунан өтүп, шаардын чыга беришине чейин уланат.

Киевде бийликти колдогондордун митинги өттү. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, Европа аянтында 50 миңдей адам чогулду. "Интерфакс" маалымат агенттиги полиция кызматкерлерине таянып, 10 миң деген санды айтууда.

Митингде кабыл алынган резолюция боюнча Евробиримдикке Украинанын соода-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү максатында ЕБ, Орусия жана Украинадан турган үч тараптуу комиссия түзүү талабы коюлду. Мындан тышкары митингдин катышуучулары президент Виктор Януковичти евроинтеграциялык диалогду улантууга чакырышты. Резолюцияны Региондор партиясынын парламенттеги фракция жетекчиси Александр Ефремов окуду.

XS
SM
MD
LG