Арстанбап айыл өкмөтүнүн жашоочулары кечээ Дашман коругун жоюуну талап кылган жыйынга чогулушту. Алар Дашман коругун түзүү тууралуу өкмөттүн 2012-жылдын 7-июлунда кабыл алган 482-буйругун жокко чыгарууну талап кылышты. Жергиликтүүлөр корук алардын пикири эске алынбай туруп түзүлгөнүн, аны түзүү үчүн учурунда жалган кол чогултулган деген жүйөлөрдү келтиришүүдө.
Облустагы Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо башкармасы болсо мындай талаптар негизсиз деп эсептейт.
Дашман коругу Базар-Коргон районундагы Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр токой чарбаларынын эсебинен түзүлгөн. (YA)