Баткен райондук паспорт жана каттоо иштери бөлүмүнүн адиси милиция кызматкерлерине пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Райондук паспорт жана каттоо иштери боюнча бөлүмдүн адиси мыйзамсыз паспорт бергенин жашыруу үчүн милиция кызматкерлерине 15 миң сом жана 100 доллар сунуштаган. Ал 2007-жылдан бери издөөдө жүргөн тургунга мыйзамсыз паспорт жасап берген деп шектелүүдө. Издөөдөгү Баткен районунун Бужум айылынын тургуну Саткынай Тажибаева 20 күн мурда казак-кыргыз чек арасынан өтүп баратканда кармалган. Тажибаева Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча шектелүүдө.
Мыйзамсыз паспорт бергенин жашыруу максатында акча берүүгө аракет кылган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренеси (пара берүү) боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. (JsA/AKu)