Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Каныбек Сагынбаев "Кремль кубогунда" 3-орунду алды


Кыргызстандык бильярдчы Каныбек Сагынбаев “Кремль кубогунда” аралашма пирамида түрү боюнча 3-орунду алды. Жылда уюштурулчу мелдеш Москвада Олимпиада залында өтүп жатат.

Ал жарым финалда украиналык бильярдчыдан жеңилип, үчүнчү орунга илинди. Сагынбаев өткөн жылы ушул мелдеште экинчи орунду ээлеген.

Бильярд боюнча "Кремль кубогуна" быйыл 14 мамлекеттен 318 оюнчу катышты.

Каныбек Сагынбаев дүйнөнүн үч жолку, Евразия чемпионатынын 4 жолку чемпиону. (AKu/KM)

XS
SM
MD
LG