Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

АКШ Сириянын химиялык куралын жок кылууга жардам берүүнү сунуштады


Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюм билдиргенине караганда, АКШ Сириянын химиялык куралынын айрым бөлүгүн жок кылууга жардам берүүнү сунуш кылды. Ал операция америкалык кемеде өтүшү ыктымал. Буга чейин Албания уулуу газ арсеналын жок кылуу ишин өз аймагында өткөрүүгө көнбөй койгон.

Сирия АКШнын аскердик соккусун алдын алуу үчүн химиялык куралын жок кылууга макул болгон. Августта Дамасктын жанында карапайым элге каршы зарин деген уулуу газ колдонгондон кийин Сирия режими катуу кысымга туш болгон.

Эл аралык уюм химиялык куралды жок кылуу операциясын 2014-жылды орто ченине дейре бүтүрүүнү пландоодо.

XS
SM
MD
LG