Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

"Айтматовду окуйбуз" жумалыгы башталат


2-декабрдан 8-декабрга чейин жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесин утурлай «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Гуманитардык кызматташтык мамлекеттер аралык фонду менен бирге «Айтматовду окуйбуз» жумалыгын өткөрөт.

Фонддун маалымат кызматы билдиргендей, иш-чара Кыргызстандын бардык региондорундагы түрдүү курактагы окуучулардын көңүлүн улуу жазуучунун китептерине буруу, Чыңгыз Айтматовдун сөздөрүнө аралашуу, анын тереңдигин аңдап-сезүү, чыгармаларын окуу аркылуу өз сезимдерин, окуяларды башынан өткөрүү максатын көздөйт.

Жумалыктын алкагында китеп окуу республиканын мектептеринде, коллеждеринде, китепканалардын балдар жана өспүрүмдөр залдарында, музейлерде, айылдык клубдарда, ооруканалардын балдар бөлүмдөрүндө өтөт.

Бул иш-чараларга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Орус тили мугалимдеринин ассоциациясы, өлкөнүн чыгармачыл бирикмелеринин жетекчилери, Кыргызстан калкынын Ассоциациясы жана башка көптөгөн уюмдар катышат. (EzK)

XS
SM
MD
LG