Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:17

"Кара тизме" Миграциялык кызматтын сайтына жайгаштырылды


1-декабрдан тарта Кыргызстандын ар бир жараны Орусиянын аймагына кирүүгө уруксаты болуп-болбогонун Федералдык миграциялык кызматтын базасынан текшере алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы элчилигинен билдирди.

Элчиликтин маалыматына ылайык, Орусиянын аймагында мыйзам бузду делген жарандардын тизмеси Миграциялык кызматтын fms.gov.ru деген аталыштагы расмий сайтына жайгаштырылды. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн миграциялык кызматтын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуу керек.

Кыргыз элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып билдиргендей, ар кандай мыйзамдарды бузганы үчүн миграция кызматынын "кара тизмесине" 31 694 кыргызстандык кирген.

19-ноябрдан тарта "кара тизме" боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү аралык түзүлгөн комиссиялык топ ишин баштаган. Быйыл октябрдан бери Орусияда мигранттарга карата чаралар күчөтүлгөн. Мындан улам ондогон кыргызстандыктар Орусиянын аймагына кире албай, аэропорт же темир жол бекеттеринен артка кайтууда.

XS
SM
MD
LG